Arrow Left Arrow Right Camera icon set icon set Ellipsis icon set Facebook Favorite Globe Hamburger List Mail Map Marker Map Microphone Minus PDF Play Print RSS Search Share Trash Twitter Video Camera Youtube
Кыргызстан: мамлекеттин алсыздыгы жана радикалдашуу
Кыргызстан: мамлекеттин алсыздыгы жана радикалдашуу
Picturing Islam in Kyrgyzstan
Picturing Islam in Kyrgyzstan
Table of Contents
  1. View as Slideshow
Muslim girls chat at the top of Mount Suleyman Too in Osh, Kyrgyzstan, in March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy
Briefing 83 / Europe & Central Asia

Кыргызстан: мамлекеттин алсыздыгы жана радикалдашуу

  • Share
  • Save
  • Print
  • Download PDF Full Report

Кыргызстан: мамлекеттин алсыздыгы жана радикалдашуу

Кыргызстан өзүн Борбор Азиядагы парламенттик демократияны орноткон бирден бир өлкө  катары таанытып келет. Бирок анын туруктуулугуна коркунуч жараткан жагдайлар бар. Улутка карап кыргыз, өзбекке жана жайгашкан жерине жараша түндүк-түштүк болуп бөлүнгөн бул мамлекет жемкорлукка батып, негизги милдеттерин аткара албай жатканы айкын. Өзгөчө бул сот адилеттүүлүгүн жана коомдук тартипти камсыз кылууда билинет. Анын саясий институттары оор абалга туш болду. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо одоно  бузууларсыз өткөнү менен административдик ресурс кеңири колдонулуп, партиялардын адилетсиз кадамдары катталды. 2017-жылы өтчү президенттик шайлоо мамлекеттин биримдигине сыноо болот. 30-августта Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жанкечтинин унааны жардырганы коопсуздукту камсыз кылууда Кыргызстандын алсыздыгын көрсөтүп койду. Радикалдашуу коркунучун алдын алып, зордукка үндөбөгөн исламчыларды түшүнө билүү зарыл.

Саясий плюрализмдин, ишенимдүү мамлекеттик жана экономикалык перспективанын жоктугунан улам өз ордун динден тапкан жарандардын саны күн санап өсүүдө. Постсоветтик доордо ислам коомдук жашоонун негизги факторуна айланды. 1990-жылы өлкөдө 39 мечит гана катталса, бүгүн алардын саны 2300дөн ашат. 2000-жылдан тарта жарандык коомдогу ислам уюмдары эки эсе көбөйүп, элге кызмат көрсөтүүдө мамлекеттин ордун ээлеп баштады. Алар исламдын түрдүү агымдарын жайылтууда. Кээ бирлери толеранттуулукка үндөсө, айрымдары башкача багытта иш алып барууда. Мындай уюмдар мамлекеттин алсыздыгынан жана жемкорлукка баткандыгынан улам пайда болгон боштукту толтуруп, диний жана социалдык маселелерди чечүүгө аралашып жатат. Бирок алардын аз бөлүгү гана саясий активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Анткен менен туруксуздуктун тереңдеши жана диний радикалдашуунун күчөшү барган сайын ислам менен саясаттын көбүрөөк туш болушуна алып келүүдө. Кеп саясий исламдын кайсы бир формасы өсүп жатканында эмес, калктын айрым катмарлары өз тегин дин менен байланыштырып жатканында. Бул өз кезегинде саясатта ажырымдын пайда болушуна түрткү болууда. Ошондой эле мамлекеттик институттар көмөк көрсөтүүдөн качкан учурда жарандар динге кайрылышат. Мындай көрүнүш исламдын радикалдуу формаларынын пайда болушуна, айрым учурларда зомбулукка үндөгөн экстремизмге алып келиши ыктымал.

Кыргыз тектүүлөрдүн көпчүлүгүнө улутчулдук идеясы жакын туюлат. Алар динди өзүнүн улуттук иденттүүлүгүнүн бир бөлүгү катары кабыл алышат. Мамлекет Борбор Азияда кеңири жайылган ханафий мазхабын таанып, салафизмди коркунуч иретинде кабыл алат. Деген менен экономикалык жана социалдык жактан корголбогон, мамлекеттен үмүтүн үзүп, колдоо таппай жаткан айрым кыргыздардын арасында радикалдык багыттагы ислам агымдары бир топ популярдуу. Мындай агымдар өлкөгө сырттан кирип же четтен каржыланып турат. Билим деңгээлинин төмөндүгү «салттуу эмес» исламды жеңил кабыл алууга шарттап, жумушсуздук болсо баш ийбөө сезимин өрчүтөт. Бул көрүнүш коомчулукка көп аралаша албай калган өзбек тектүү Кыргызстандын жарандарынын арасында дагы байкалат. Алар саясатка, мамлекеттик аппаратка жана күч түзүмдөрүнө да аз катышат. Анткени мамлекеттик органдарда аларга карата калыптанып калган көз караш менен мамиле жасашат.

Кыргыздар да, өзбектер да исламдын радикалдуу багыттарына тартылып турганы байкалат. Алар жеке же коомдук себептерден улам улуттук баалуулуктарын танып, Сирияга көчүп кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырган учурлар көп. Эки улутта тең динге барган сайын көбүрөөк аралашып бараткан аялдардын саны өсүүдө. Алар оор социалдык-экономикалык абалга туш болуп, үйүндө зомбулукка кабылгандар. Мындай шарттарда жашагандардын арасында Сирияга кетүүгө умтулгандар көбөйүп жатканын байкоого болот.

Кыргыз улутчулдары экстремисттик исламга көбүнесе саясий себептерден улам жана 2010-жылдагы окуялар үчүн өч алгысы келген өзбек тектүүлөр берилип жатат деген жүйөө келтиришет. Улут аралык

араздашууда 400дөн ашуун адам мерт кетип, алардын көпчүлүгүн өзбектер түзгөн. Анткен менен исламдын радикалдык формаларына кыгыздар да, өзбектер да азгырылып жатканы белгилүү. Эки улуттун тең миңдеген өкүлдөрү мыйзамсыз деп табылган «Хизб ут-Тахрир» сымал зомбулукка үндөбөгөн ислам уюмдарына кирүүдө. Бирок айрымдары радикалдуу уюмдарга аралашып кетип жатканы анык.

Расмий маалыматтарга таянсак, Сирияда «Ислам мамлекетинин» (ИМ) жана башка жихаддык уюмдардын тарабында өлкөбүздүн жүздөгөн жарандары согушууда. Социалдык кызматкерлер жана башка коомдук активисттер өзбек аялдары жана жаштары Сирияга кетип жатканын же кетейин деп жаткан учурда кармалганын билдирип келишет. Интернеттеги пропагандага көз чаптырсак, ИМ менен анын өнөктөшү болгон «Өзбекстан Ислам кыймылы» (ӨИМ) Кыргызстанды согушкерлерди даярдоо аянтчасы катары карап жатканы байкалат.

ИМ Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алып, жардырууну Сирияда «ан-Нусранын» курамында согушуп жаткан өзбек тобу жана уйгур сепаратисттери жасаганын билдирди. Атайын кызматтар ИМ мүчөлөрү пландап жаткан чабуулдарды алдын алып жатканы боюнча утурлай кабарлап турат. Күч түзүмдөрүндөгү булактар  болсо «Хизб ут-Тахрирдин» өзбек сепаратисттери менен байланышы бар экенин айтышат. Бирок көпчүлүк учурда мындай билдирүүлөр негизсиз болуп, ансыз деле маргиналдашып калган катмарларды басынтып жатканына себеп табууга аракеттенип жаткандай таасир калтырат. Күч түзүмдөрү операциялардын жүрүшүндө адамды жок кылуу ыкмасын колдонгондуктан, алардан чындыкка төп келген маалымат алып калууга кыйынга турат. Ошол эле учурда өзгөчө түштүк аймактарда милицияда кыйноо жана опузалоо учурлары көп катталып, алар ачыкка чыгууда.

Учурдагы тенденция элди кабатыр кылып жатат. Адамдарга кызмат көрсөтө турчу ислам уюмдарынын көбөйүшү мамлекет негизги милдеттерин аткара албай жатканынан кабар берет. Кыргыздардын жана өзбектердин, алтургай бийликтердин дин маселелерин саясий эркиндик менен байланыштырганы барып отуруп диний талаштар улут аралык араздашууга же зомбулукту актоого алып келиши ыктымал деген кооптонуулар бар. Мамлекеттин алсыздыгы жана улут аралык келишпестиктер маргиналдашып калган жарандардын тыюу салынган уюмдарга кошулуусуна түрткү болушу мүмкүн.

Ооруну жашырсаң өлүмгө ашкере демекчи, аймактык жана улут аралык келишпестиктерге көз жуумуп койгондун ордуна өкмөт мындай татаал маселелер ачык талкууланышын кубатташы зарыл. Диний агымдар менен сүйлөшүүдөн баш тартып, мамлекет тыюу салган уюмдардын өкүлдөрүн жоопко тартуу - алысты көрө билбеген саясат. Тескерисинче, диний лидерлер, өзбектер жана кыргыздар менен мамиле түзүп, радикалдашууга алып келе турган ажырымдарды бирге жок кылууга аракет кылуу керек. Мындан тышкары, өзбектер кыргыздарга караганда радикализмге жакыныраак деген түшүнүктү жайылтуудан оолак болуу кажет. Мамлекет аялдардын, азчылыктардын жана балдардын укуктарын бузууга алып келген талаптарды дароо жокко чыгарып туруусу абзел.

Bazaar in Jalalabad, April 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Picturing Islam in Kyrgyzstan

Crisis Group’s Publications Officer Julie David de Lossy, formerly a freelance photographer of Central Asia, travels to Kyrgyzstan to take a look through her camera lens at the context of our conflict-prevention work.

Returning to Kyrgyzstan after five years away, I found a country that still mixes open-eyed charm, bureaucratic frustrations and decaying Soviet-era infrastructures – all part of a slow, uncertain transition that its population wishes could go faster even if the ultimate destination remains obscure.

Taking pictures that tell a real story in post-Soviet states is always a challenge. Especially in Central Asia. I have to overcome the country’s big empty spaces, the absence of public information and a decades-old culture of suspicion. Then a door opens, I turn a corner, or a new friend helps. Suddenly I get my chance.

View of Osh from the Suleyman-Too, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

I want to give a feeling for the context of Islamic radicalisation in Kyrgyzstan. But photography means winning people’s trust, and that’s hard. The people of Kyrgyzstan are used to keeping silent to please their parents, keep their jobs, or avoid harassment. Public spaces are one place I can begin to make contact with ordinary folk.

Osh park, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Tamerlane, a great Central Asian conqueror of the fourteenth century, was the first of his clan to convert to Islam. His people followed him. Violently repressed in 20th century Soviet times, Islam has now returned to public life in the region. Regular folk long for outsiders to see their religion as they do: a mainstay of a moral life.

Man holds a Quran in a mosque in an Uzbek mahalla (neighbourhood) of Osh, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Visiting a mosque, as a Western female, is not particularly complicated. However, pulling a camera out usually means that people just quietly move away. Most Central Asians share a deep instinct to avoid getting into any kind of trouble. Just in case.

Mosque in an Uzbek mahalla, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Youth in Kyrgyzstan has little faith in the future due to rampant corruption, decaying infrastructure, and the country’s lack of bankable natural resources.

Osh park, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

I attend a madrasa lesson to mingle in a class attended by serene young women in matching purple headscarves. But they did not let me take a camera in. Each day as I set out to portray a new facet of Islam in Central Asia – for instance, the small minority that might be tempted by transnational jihadism – I know I will face many obstacles along my way.

Pass to the north between the Hindu Kush and the Tian Shan mountain ranges, April 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Unlike other parts of the former Soviet Union, statues of Lenin still stand in Kyrgyzstan. It’s not that anybody particularly wants communism back, or that they took it seriously in the first place. But most Kyrgyz cities didn’t exist as such before the Soviets came. And some in the secular Kyrgyz elite hanker for a bulwark against any back-sliding to fundamentalist religious doctrines.

Lenin statue in Batken, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Drinking over-sweet Nescafé in a lost chaikhana (teahouse), I worry that the whole idea of photographing religious change is a terrible mistake. Then somebody comes to practice his English. Perhaps this is someone with a fresh lead, someone who will take me where I want to go.

Batken, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Weddings in Kyrgyzstan are major social events. No problem with photos here: this is how most Central Asian photographers earn their living. Loving bridal images are taken in front of war memorials, municipal monuments, romantic park benches, or all of the above. Even water reservoirs. For small, mountainous Kyrgyzstan, abundant water is one of its only levers against big, powerful neighbours.

Tortgul reservoir, near Tajik border, Batken, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

When the Soviet Union collapsed in 1991, new national symbols were needed in Central Asia. Kyrgyzstan chose Manas, hero of the national epic poem, which tells the story of the Kyrgyz Turkic peoples’ struggles to establish their country against Mongols and other neighbours. Islamist puritans, of course, would have things otherwise.

Manas monument, Batken, March 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Long-distance travel in Kyrgyzstan means driving for hours on roads filled with potholes, dust, rivers of water and apparently indestructible Lada cars. The country may be small compared to its neighbours, but journeys between cities are physical challenges that can seem to stretch toward infinity.

Jalalabad, April 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

Thanks to the many rivers running through the country, especially in the Ferghana valley, agriculture is a significant part of the economy and fills Kyrgyz markets with fresh produce. As any traveller in Central Asia quickly finds, street markets are also fertile hunting grounds for photographers.

Bazaar in Jalalabad, April 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy
Mutakallim School in Bishkek, April 2016. CRISIS GROUP/Julie David de Lossy

View as Slideshow

SLIDESHOW | Picturing Islam in Kyrgyzstan CRISIS GROUP/Julie David de Lossy